Футбол жылдызы Неймар Дубайдан 54 миллион долларлык пентхаус сатып алды

Сауд Арабиянын "Аль-Хилал" клубунун чабуулчусу, бразилиялык Неймар БАЭнин Дубай шаарынан пентхаус сатып алганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга карганда, ал кыймылсыз мүлктү 200 миллион дирхамга, башкача айтканда, болжол менен 54,45 миллион долларга сатып алган. Пентхаус Bugatti Residences турак жай комплексинде жайгашкан.

Буга чейин бразилиялык футбол жылдызы 26 миллион долларга Майамиден жер тилкесин да сатып алганы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, Неймар былтыр жай айында "Аль-Хилал" клубуна өткөн. Ал команда үчүн 7 беттеште 1 гол киргизип, 3 ассист жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан