"Башка жол жок". Депутат Бишкектеги ыштан арылуунун жолун атады

Бүгүн, 21-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкек шаарындагы ыш көйгөйүн алдын алуу үчүн газдаштырууну сунуштады.

Ал эки жыл ичинде шаарды газга өткөрүп, көмүр жагууга тыюу салуу керектигин айтты.

"Шаардын четиндеги от жагылган аймактарда дем алуу кыйын болуп калды. Биздин бала-чакабыздын, өзүбүздүн ден соолугубузга катуу таасир этип жатат. Өткөндө "Кыргызгаздын" өкүлү "2026-жылга чейин Бишкекти толугу менен газга өткөзөбүз" деп айткан. Мен сунуштайт элем, 2 жылдан кийин көмүр жана башка нерселерди жакканга тыюу салсак. Ушул жол менен гана биз абаны тазалай алабыз. Башка жол жок деп ойлойм", - деди Абакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан