Кыргызстан куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо боюнча конвенцияга кошулду 

Бүгүн, 21-ноябрда президент Садыр Жапаров “1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Айта кетсек, бул мыйзам 23-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

"Мыйзамдын максаты – дүйнөлүк маанидеги маданий дөөлөттөрдү сактоо жана коргоо, жок кылууну болтурбоо жана уурдоолорго каршы күрөшүү, ошондой эле дүйнөлүк маданий баалуулуктарды коргоо боюнча интеграциялык процесстерге колдоо көрсөткөн өлкө катары Кыргыз Республикасынын эл аралык оң имиджин түзүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Конвенциянын протоколу 1954-жылдын 14-майында кабыл алынган. Учурда бул протоколго 113 өлкө, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия Федерациясы, Украина, Беларус, Азербайжан, Молдова, Армения, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан Республикасы кошулгандыгы маалыматта кошумчаланган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда тарыхый, археологиялык, архитектуралык жана шаар куруу, монументалдык искусствонун 1500дөн ашык кыймылсыз эстеликтери орун алган. Ошондой эле баалуу экспонаттарды камтыган мамлекеттик 68 музей бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан