Дубайда рекорддук салмагы 300 килограмм болгон алтын куймасы чыгарылды. Бул тууралуу Дубай өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Emirates Minting Factory тарабынан өндүрүлгөн куймалардын бет ачары Дубай металлдар конференциясынын 2024-жыкы жабылыш аземинде өттү.
"Аземде аталган алтын тарыхтагы эң чоң алтын куймасы катары Гиннесстин рекорддор китебине кирди", - деп белгилейт басма сөз кызматы.