Кечээ, 20-ноябрда Бишкектеги той каналардын биринде ырчы, Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын солисти Калыс Айтпаевдин үйлөнүү үлпөт тою болду. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында билдирди.
Тойго жакындары, достору жана чыгармачылыктагы кесиптештери катышкан.
Белгилүү болгондой, Калыс Айтпаев Венера аттуу кыз менен баш кошкон.