Бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы алдын ала маалымат боюнча Сары-Челек айыл аймагынын Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жөнөтүлгөн.
Ага ылайык, жар көчүп түшкөн. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 600 метр кубду түзүп, унаа жолуна жеткен. Айыл элине, турак жайларга, мал-мүлккө зыяны тийген эмес.