Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетине студенттердин жана окуучулардын окуу убактысын кайрадан карап чыгууну сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, окуу убактысынын өзгөрүшү тыгын маселесин чечкен жок.
"Окуу графигин өзгөртүү эч кандай жыйынтык берген жок. Жол тыгыны ошол бойдон калды, студенттер үйлөрүнө түндө жетип жатышат. Тыгын маселесин чечпей эле, тескерисинче, студенттерге көйгөй жараттыңар. Бул маселени кайра карап чыгууну суранам", - деди Бекешев.
Белгилей кетсек, буга чейин да депутат Аида Исатбек кызы студенттердин окуу графигинин жылдырылышы эч кандай жыйынтык бербегенин айткан эле.