Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары КМШ ПААнын “Парламенттер аралык кызматташтык” медалы жана Ардак грамотасы менен сыйланды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, сыйлык тапшыруу аземинде төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев депутаттарды куттуктап, бул эл аралык сыйлыктардын берилиши, КМШ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдөөдө эл өкүлдөрүнүн эмгегинин жогору бааланышы деди.
“Канчалык сын айтылбасын, жалпы элдин көйгөйлөрүн ачык айтып, чечүүдө Жогорку Кеңештин ролу чоң”, - деди Сыдыгалиев.
Белгилей кетсек, КМШ ПААнын “Парламентер аралык кызматташтык” медалы менен депутаттар Улан Примов жана Жанар Акаев сыйланды. Ал эми КМШ ПААнын Ардак грамотасы менен Нурланбек Азыгалиев, Жамиля Исаева, Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Винера Раимбачаева, Бакыт Тентишев, Бактыбек Чойбеков, Бахридин Шабазов сыйланды.