26-ноябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Апас Жумагуловдун 90 жылдык маарекесине арналган республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Турнирге Республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Ал эми катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында катышат:
Эркектер: 60, 70 , 80, 90, 100, +100 килограмм салмакка чейин;
Кыз-келиндер: 55, 60, 65, 70, 75, +75 килограмм салмакка чейин.
Мелдеш 26-ноябрда саат 10:00дө башталса, саат 13:00дө ачылыш аземи болот.