Жергиликтүү шайлоодо жеңип чыккан талапкер агасына мандатын белек кылып жаткан видеосу социалдык тармактарда таралууда.
Анда "Эмгек” партиясынын Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттыкка ат салышкан мүчөсү Элнур Акылбеков агасына мандатын белек кылган. Видеодо бир тууганым деген кишиге чапан, калпак кийгизип, мандатын берип жатканын көрүүгө болот.
"Менин ордум Жогорку Кеңеште. Өзүмдүн мандатымды сизге белек кылам. Мен өзүм уч жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болдум. Мени колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем", - деп айткан Акылбеков.
Белгилей кетсек, Акылбеков 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.