Ошто конок үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 21-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы таратты.
Андагы маалыматка ылайык, Ош шаарындагы "De Luxe" конок үйүндө өрт чыккан.
Тилсиз жоону өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен саат 14:49да 2 бөлүм тартылган.
Ошондой эле кошумча маалымат берилери айтылды.