Эки аптадан кийин Ысык-Ата санаториясынын ачылышы болот. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев маалымат жыйында билдирди.
Ал санаторияны оңдоп-түзөө иштери толугу менен аягына чыгып калганын айтты.
"Буюрса, 3-5-декабрь күндөрү Ысык-Атанын ачылышын кылалы деп жатабыз. Ал жерди дагы 3 жеке адамдар алып койгон, бири мейманкананы, бири бассейнди", - деди Туманбаев.