Украина Днепрге континенттер аралык баллистикалык ракета менен сокку урулганын жарыялады

Украинанын Аскер-аба күчтөрү өзүнүн Тelegram каналында Орусиянын Куралдуу күчтөрү Днепр шаарындагы ишканаларга жана маанилүү инфраструктурага эртең мененки сокку урууда континенттер аралык баллистикалык ракетаны колдонгонун жазды.

"Орусиянын Астрахань облусунан континенттер аралык баллистикалык ракета учурулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Киев бул соккудан талкаланган имараттар жана жабыркаган жарандар тууралуу маалымат айткан жок.

Мындан тышкары украин тарап Орусия Х-47М2 "Кинжал" аэробаллистикалык ракетасын жана жети Х-101 канаттуу ракетаны учурганын жарыялады.

Буга чейин орусиялык аскер блогери бир эле учурда алты "Искандер" ракетасы менен чабуул болгонун кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан