Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңеши (WBC) Дональд Трампты АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктап, ага WBC'нын чемпиондук курун ыйгарды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Трампка чемпиондук курду Голливуддун супер жылдызы жана WBC уюмунун Сильвестр Сталлоне тапшырган.
"Урматту Сталлоне Дональд Трампка өзүнүн укмуштуудай кайтып келишин белгилөө үчүн ага абройлуу алтын кур белек кылды. Трамп ар дайым бокстун ишенимдүү колдоочусу жана WBC уюмунун президенти Дон Хосе Сулеймандын сүйүктүү досу болуп келген", - деп билдирген WBC уюму.