Коңшу Өзбекстанда 50 жаштагы киши турмушка чыгуудан баш тарткан кызын муунтуп өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Окуя Өзбекстандын Туракурган районунун Исвахон айылындагы Намаган деген жеринде болгон.
Анда эркек киши 22 жаштагы кызын жоолук менен муунтуп өлтүргөн. Буга анын атасына башка жигит менен сүйлөшүп жүргөнүн, кудалашканына турмушка чыккысы келбегенин айтканы себеп болгон.
Жинденген атасы ошол жерден кызын жоолук менен муунтуп, тирүү экенин байкагандан кийин колу менен муунта баштаган. Кыз каза болгондон кийин гана атасы кызынын сөөгүн жер төлөгө таштаган.
Ал андан кийин кошунасына чалып, өз өмүрүнө кол салгысы келип жатканын айткан. Кошунасы баарын түшүнгөндөн кийин аны полицияга багынып берүүгө көндүргөн.
Сотто ал күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүп жатканын айтып, жеңилдик берүүнү суранган. Маркумдун апасы күйөөсүн балдары үчүн кечирип жатканын айтып, бирок ал сөзсүз жазасын алышы керек экенин билдирген.
Сот аны Өзбекстандын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүгү (Атайылап киши өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп таап, он жылга эркинен ажыраткан.