Коңшу Өзбекстанда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Комил Алламжоновго кол салууга шектелгендердин бири Түштүк Кореядан кармалды. Бул туурасында өзбек басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, Сеулдан кармалган жаран Ташкентте туулган 36 жаштагы Жавлон Юнусов. Ага "Адам өлтүрүүгө аракет кылган" деген берене менен кылмыш иши козголуп, Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн.
Эске сала кетсек, буга чейин маалымат каражаттары кол салуу 26-октябрда саат 1:30дар чамасында Кибрай районундагы Комил Алламжоновдун үйүнүн жанында болгонун жазып чыгышкан. Анда эки белгисиз адам ал отурган унаага бир нече жолу ок чыгарып, окуя болгон жерден качып кетишкен. Алламжонов эч кандай жаракат алган эмес.
Окуядан көп өтпөй шектүү катары төрт жаран кармалганы айтылган.