Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинадагы жаңжалдын курчушуна байланыштуу өлкөдөгү негизги аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Берик Уали Фейсбук социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Маалымдалгандай, президент мындай тапшырманы премьер-министрге, аппарат жетекчисине, бардык күч түзүмдөрүнүн башчыларына жана акимдерге берген.
“Мамлекет башчысы бардык жагдайды өз көзөмөлүнө алды. Өлкөбүз үчүн негизги стратегиялык максат – туруктуулукту, тынчтыкты, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо", - деп айтылат маалыматта.
Басма сөз катчысы Казакстан президенти Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды сүйлөшүү жолу менен токтотуу керектигин бир нече жолу билдиргендигин эске салды.
Белгилей кетсек, 20-ноябрда Казакстандын Украинадагы элчилиги билдирүү тараткан. Анда казакстандыктарды Украинадан чыгып кетүүнү же активдүү согуштук аракеттер болгон жерлерге жакын аймактан башка жакка барууну сунуштаган.