Жалал-Абад облусунда баңгизат саткан туруктуу каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милицияга Токтогул районунун Б. аттуу тургуну Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды узак убакыт бою мыйзамсыз сактаган жана сатып жүргөндүгү боюнча маалымат келип, текшерүүгө алынган.
Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын жыйынтыгында Токтогул районунун 1994-жылы туулган тургуну К.у.Ж. кармалган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.