Ак үй Трампка жеңилген Харрис кайда экенин ачыктады

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңилип калган вице-президент Камала Харрис Гавайиде эс алууда. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер брифингде билдиргенин чет элдик басылмалар жазууда.

Ал Харрис үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүү үчүн жумуштан тыныгуу алганын белгилеген.

"Мен мунун эч кандай жаман жери жок деп ойлойм. Менимче, ал жумуштан өргүү алып үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүүгө татыктуу. Акыркы төрт жылда ал абдан көп эмгектенди", - деген Жан-Пьер.

Эске салсак, Камала Харрис 5-ноябрда өткөн АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трампка жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан