КМШнын парламент төрагалары Улуу Жеңиш майрамын белгилөөнү талкуулашты

Кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйында КМШга мүчө өлкөлөрдүн алакаларын арттырууга байланышкан чечимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Муну менен катар Улуу Жеңиш майрамын белгилөөгө арналган иш пландар боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Андан тышкары жыйында Кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралып, аталган кызматка Орусиянын Федералдык жыйынынын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко шайланды.

Төрага бүгүн КМШ ПААнын 57-пленардык жыйынына да катышып, баяндама жасайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан