Токмокто аялын жана майыптыгы бар уулун сабап келген шектүү кармалды

Токмок шаарында аялын жана 1-топтогу майып баласын сабап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-октябрда милицияга 52 жаштагы жаран кайрылган. Ал өзүн жана 21 жаштагы майыптыгы бар уулун жолдошу аёосуз сабап келерин айтып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (Уруп сабап кыйноо) негизинде кылмыш ишин козголгон. Шектүү делген 55 жаштагы жаран 12-ноябрда кармалып, жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында кылмышка тиешелүү далил буюмдар табылган.

Облустук милиция шектүү Бишкек шаарынын №1 убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан