Бүгүн, 5-январда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп жаткан “Биз” тобунун концертинде алып баруучулук милдетти куудул Ильяз Агыбай уулу аркалап жатат. Сөзү курч, тамашакөй жигит кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрүн жана кеченин башкы каарманы болгон “Биз” тобунун жетекчиси Бактияр Токторовду туурап, элге күлкү тартуулоодо.