Канаданын 59 жаштагы Донна-Жин Уайлд аттуу тургуну бир саатта 1575 жолу отжимания жасап, Гиннесстин рекорддор китебине киргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ошентип 12 небереси бар Уайлддын жараткан ийгилиги аялдар арасында бир сааттын ичинде эң көп отжимания жасоо боюнча рекорд болуп калды. Ал өзү бул үчүн кубанычта экенин билдирген.
Белгилей кетсек, бул 59 жаштагы канадалыктын жалгыз рекорду эмес. Ал буга чейин тактайда 4 саат 30 мүнөт 11 секунда тургандыгы үчүн дагы Гиннесстин рекорддор китебине катталган.