Пакистанда куралдуу кол салуудан кеминде 40ка жакын адам каза болду 

Кечээ, 21-ноябрда Пакистандын Пешавар шаарын көздөй бараткан унааларга куралдуу кол салуу болуп, 38 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка караганда, дагы ондогон киши жаракат алган. Ал эми каза тапкандардын арасында балдар жана аялдар бар.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, каза тапкандар арасында шииттер да, сунниттер да болгон. Кол салууга азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Белгилей кетсек, буга чейин 9-ноябрда Пакистандын Кветта шаарындагы куралдуу кол салуудан 24 адам каза болуп, 50дөн ашууну жарадар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан