"Ва банк", "Күндүн мураскерлери" дорамалары эсиңиздеби? Жыл өткөн сайын жашарган актриса Соң Хйе Кйо 42 жашка толду

Корей дорама сүйүүчүлөрү биринчи көргөн сериалы катары көбүнесе 3 сериалды айтышат. Алар: "Кышкы соната", "Ва банк" жана "Мыкты жигиттер". Булардын ичинен "Ва банк" 2003-жылы чыккан. Анда баш каармандардын биринин ролун жараткан актриса атагы алыска тарап, атактуулугу баш айланткан Соң Хйе Кйо бүгүн, 22-ноябрда 42 жашка чыкты. SUPER.KG медиа порталынын #Азыр рубрикасынын алкагында жыл өткөн сайын жашарган кино жылдызы тууралуу сүйлөшөбүз.

Учурдун белгилүү актрисасы карьерасын кино талаасынан эмес, моделдиктен баштаган. “Көздүү мончок жерде калбайт” демекчи, сынактан көзгө илинген өспүрүм кызды 1996-жылы “Бактылуу таң” деген сериалга тартылууга чакырышкан.

Бирок ал корей сериал сүйүүчүлөрүнө 2000-жылы жарыкка чыккан “Күз жомогу” ("Жүрөгүмдөгү күз") аркылуу гана таанылат.

Ал эми 2003-жылы көрсөтүлгөн кумар оюндары жөнүндөгү “Ва банк” сериалынан кийин Соң Хйе Кйонун сүймөнчүк катары статусу биротоло бекемделип, атагы ого бетер артат.

2004-жылы анын катышуусундагы “Жылуу уя” сериалы эл алдына тартууланган. Ушул сериалдан кийин 2013-жылга чейин дагы бир дорамага жана бир нече тасмаларга тартылган. Анын айрымдары мактоого арзыса, айрым ролдору көз жаздымда калган. Бирок 2013-жылы чыккан "Ушул кышта шамал согот" сериалы актрисаны кайрадан атактуулукка бөлөгөн. Анда актриса көзү азиз кыздын образын жаратып, белгилүү актёр Чо Ин Сон менен башкы каармандардын бирин эсте каларлык жараткан.

2016-жылы кезектеги хит сериалга "Күндүн мураскерлерине" тартылган. Аталган дорама атактуулугун гана арттырбай, актрисага аялдык бакытын да таап берген. Ага чейин "Ва банктагы" И Бёң Хон "Алар жашаган дүйнө" аттуу сериалда чогуу тартылган актёр Хён Бин менен кыз-жигиттик мамиле курган. Бирок актрисанын жүрөгүн багындырган, нике шакегин колуна салган мырза – актёр Соң Жуң Ки болгон.

Түгөйлөр үйлөнүү үлпөт тою жакындаганда гана мамилелерин ачыктап, күйөрмандарына кайрылуу жасашкан. Жуң Ки: "Күндүн мураскерлери" мага алгач дос, анан сүйүктүүмдү табууга жардам берди. Соң Хйе Кйо экөөбүз келечегибизди бирге куралы, бардык кыйынчылыкты бирге жеңели деп чечтик»,- деген билдирүүсүн тараткан. Өз кезегинде Соң Хйе Кйо: «Мени жашоосундагы олуттуу жаңылык менен кеч бөлүшүп жатат деп таарынбаңыздар. Бул жалгыз мага эмес, эки адамга тиешелүү жаңылык болчу. Жуң Ки көп аракет кылды, экөөбүздүн максаттарыбыз бир экенине мени ишендирди. Мен эми жалгыз эмесмин, биз экөөбүзбүз",- деген.

Экөөнүн ортосундагы жаш айырмачылыктан жана Хйе Кйонун буга чейин бир нече жигит менен мамиле курганынан Соң Жуң Кинин атасы экөөнүн мамилесине каршы чыккан деген маалымат бар. Журналисттердин бул боюнча берген суроосуна Жуң Кинин атасы "мен баламдын тандоосун сыйлайм" деп жооп берген. Алардын ортосунда төрт жаш айырма болгон.

Ошентип Түштүк Кореяда жылдын тою аталган Соң+Соңдордун үйлөнүү тою 2017-жылдын 31-октябрында өткөн.

Экөөнүн ортосундагы түшүнбөстүктөр тууралуу маалыматтар интернетте жарым жыл мурун эле башталган. Бирок бул жагымсыз кабарга эч ким ишенбей келген жана өздөрү да эч нерсени тастыкташкан эмес. Бирок Соң Жуң Кинин адвокаты Пак Же Хён 27-июнда расмий билдирүү таратып, ажырашып жатышканын билдирген.

Актриса учурда жумушуна баш-оту менен киришкен. Кинодо роль жаратып, ошол эле учурда көптөгөн бренддердин модели. Ар кандай кайрымдуулук фонддорго бат-баттан барып, аларга материалдык колдоо көрсөтүп турат. Ал бош убактысын жаратылыш менен жалгыз өткөрүүнү жактырат. "Элден жана ызы-чуудан алыс болгон учурда мен өзүмдүн бүтүндүгүмдү жана бейпилдигимди сезем", - деп сүрөттөгөн. актриса хоббисин.

Дүйнө жүзү боюнча актрисанын күйөрмандарынын саны күн сайын өсүүдө. Күйөрмандары аны алдыда көптөгөн жаркын жана ийгиликтүү ролдор гана эмес, жеке жашоосунда да татыктуу бакыт күтүп турат деп ишенишет.

Актриса тууралуу 7 факт:

  • Мектепте окуп жүргөндө актриса сууда сүзүүгө, муз тебүүгө жана пианинодо ойноого кызыкчу.
  • 2009-жылдан бери Хйе Кйо Айлана-чөйрөнү коргоо коомунун мүчөсү. Айрыкча, ал панда жана корей суусарларынын популяциясын сактоону жактайт.

  • Атактуулардын сүйүктүү музыкалык тобу - Big Bang.

  • Жумасына төрт жолу спорт залга барат. Ал пилатес менен сууда сүзгөндү жактырат.

  • Актрисанын эң жакшы көргөн тамагы ашкабактан жасалган шорпо.

  • Түштүк Кореянын эмгек сиңирген актрисасы.

  • 2012-жылы ал "Hye-Kyo үчүн убакыт келди" деп аталган фотобаян форматындагы китебин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан