Кыргыз-тажик чек арасынада жер титиреди 

Бүгүн, 22-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында саат 13:16да очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер силкинүү Ачык-Суу айылынан 10 чакырым түштүктө, Ош шаарынан 133 чакырым түштүк батышта жайгашкан.

Ал эми калктуу конуштарда: Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан