Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, макулдашуунун негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте дискриминациялык салык салуудан коргоо, мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу болуп саналат.
"Макулдашуу эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп саналат. Салык мыйзамдары жаатында Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы мамилелерде бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Кош салык салууну болтурбоо жана бир гана өлкөдө салык салуу боюнча кепилдиктерди берүү жолу менен чет өлкөлүк компанияларга биздин өлкөнүн экономикасынын ар кандай тармактарына инвестициялоо үчүн шарттарды түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, бул мыйзам 23-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.