Москвада такси айдаган кыргызстандык жигит полиция бөлүмүнөн качып кеткен. Ал аэропорттон кармалды

Москва шаарында такси айдоочусу болуп иштеген кыргызстандык жигит МАИ кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин качып кеткен. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы кыргызстандык Э.у.А. аттуу жаран каршы тилкеге чыгып айдаганы үчүн МАИ кызматкерлери тарабынан токтотулган. Анда ал кызматкерлерге пара берүүгө аракет кылган. Бул үчүн полиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин ал дубалдан ашып өтүп, качып кеткен.

Жыйынтыгында ага издөө жарыяланып, ал "Внуково" аэропортунан Кыргызстанга учканы жатканда кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан