Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызматка М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, мамлекеттик кызматкер пара талап кылып жатканын айткан. Арыз ээсинин айтымында, ал шектүүгө биринчи 6 миң, кийин дагы 3 миң доллар акча берген, бирок мамлекеттик кызматкер анын маселесин оң жакка чечип берүү үчүн дагы 2 миң доллар талап кылган. Бул боюнча ири өлчөмдө пара алуу фактысы менен кылмыш иши козголгон.
УКМК аны 1500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүп, убактылуу кармоочу жайга камакка алган. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.