Футбол боюнча Сан-Марино улуттук курама командасы 2 гана оюнда жеңишке жетсе, 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна түз жолдомо ута алат.
Буга чейин ФИФАнын рейтингинде акыркы 210-орунда турган Сан-Марино курамасы Улуттар лигасында өзүнүн тайпасында сенсациялуу жеңишке жетип, биринчи орун менен чыккан. Бул жыйынтыктын аркасы менен сан-маринолуктар эми 2026-жылы өтүүчү Дүйнөлүк чемпиондугунда Европага бөлүнгөн 16 жолдомонун бирин талашууда.
Тагыраагы, бул үчүн Сан-Мариного Улуттар Лигасынын 14 жеңүүчсүнүн жок дегенде 10у Дүйнө чемпионатына түз жолдомо алышы керек. Бул командаларга Испания, Германия, Португалия, Франция, Англия, Норвегия, Уэльс, Чехия, Румыния жана Швеция кирет.
Эгерде жогоруда аталган командалардын баары 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна түздөн-түз жолдомо алышса, анда Сан-Марино командасы Улуттар Лигасынын тайпаларынын башка жеңүүчүлөрү, тагыраагы Түндүк Македония, Түндүк Ирландия жана Молдова менен акыркы жолдомо үчүн ат салышат. Плей-офф оюндары 2026-жылдын март айынын аягында өтөт. Плей-офф баскычында эки жеңишке ээ болгон команда Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алат.
Сан-Марино курама командасы 1990-жылдан бери ФИФАнын толук кандуу мүчөсү. Өзүнүн тарыхында команда 211 расмий беттеш өткөрүп, анын үчөөндө гана жеңишке жеткен. Эң кызыгы үч жеңиш тең Лихтенштейн курамасынын үстүнөн болгон.
Көптөн бери Сан-Марино курамасы ФИФАнын рейтингинде эң акыркы орунда турат, башкача айтканда, расмий түрдө дүйнөнүн эң алсыз командасы.