Бүгүн, 22-ноябрда Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжинин аймагында жаңыдан курулган эки футболдук оюн аянтчасы колдонууга берилди. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган иш-чарага биримдиктин президенти, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев барып катышып, билим уясынын тарбиялануучулары менен жаңы чуркоо аянтында, жаңы ворк-аут зонасында жана футбол талаасында чуркап, машыкты.
"Аталган оюн талааларын куруу иштери учурдагы жылдын апрель айында жүргүзүлө баштаган. 7920 чарчы метрлик оюн талаасынын бири гибриддик каптоо жана олимпиадалык стандарттарга жооп берген чуркоо аянтчасы менен жабдылса, экинчиси оюн талаасы жалпы 7 723 чарчы метрлик жасалма газондуу болуп, 240 көрүүчү үчүн чатырлуу трибуна менен камсыздалган", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, спорттук окуу жайда атайын футболдук класс ачылган, анда 2009-жылкы таланттуу 23 оюнчу тарбияланууда.