Бүгүн, 22-ноябрда Казакстандын Аксай шаарындагы турак үйдөн өрт чыгып, андагы жашоочулар терезеден секирүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.
Маалыматка караганда, турак үйдүн 4-кабатынан эртең менен өрт чыккан. Батирдин ичиндеги эмеректер күйүп, үйдүн ичиндеги аял менен төрт жана сегиз жаштагы балдар терезеден секиришкен.
Окуя болгон жердеги тартылган видеолорго караганда, аларды адамдар ылдыйдан тосуп турууга аракет кылышкан.
Учурда терезеден секирген аял жана балдары реанимация бөлүмүндө, абалы оор экени айтылды.