Күрөш боюнча Орусиянын чемпиону болгон балбан Динислам Бамматов кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековду реваншка чакырды.
Бүгүн, 22-ноябрда Москва шаарында "PWL-7" турнири өтүүдө. Анда Динислам Бамматов ирандык Али Ахмади Вафа аттуу балбан менен кез келип, атаандашын жеңип алды. Бул жеңишинен кийин ал кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековду реваншка чакырды.
"Мен бул уюмда жеңилүү ызасын тарткам. Аны менен эгер уюштура алышса реванш кылгым келет. Ал Жоламан Шаршенбеков", - деди Бамматов.
Жоламан Шаршенбеков менен Динислам Бамматов былтыр 26-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Поддубный" лигасында кез келген. Анда кыргыз балбаны 7:2 эсебинде жеңишке жеткен.