Америка Кошмо Штаттарынын азыркы президенти Жо Байден Ак үйдө конокторду кабыл алып жатканда өзүн өзүнүн күйөөсү катары тааныштырып, ката сүйлөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мен Жо Байдендин күйөөсүмүн, бул мен сыймыктанган наам", - деген Байден кечки коноктор менен учурашып жатып.
Берүү Ак үйдүн сайтында жүргүзүлгөн.
Жо Байден өз сөзүн көбүнчө өзүн "Жилл Байдендин күйөөсү" деп тааныштыруу менен баштайт.
Бул АКШ президенти кабылган алгачкы одоно көрүнүш эмес. Ал кызмат адамдарынын аттарын унутуп, тепкичтен жыгылып жана башка ушул сыяктуу ыңгайсыз абалдарга байма-бай түшүп келет.