Жаз айларында Орусиянын президенти Владимир Путинден жарандык берүүнү суранган АКШ армиясынын мурдагы офицери Скотт Беннетт каза болду. Бул тууралуу ал өмүрүнүн акыркы убактарында иштеген Russia Today телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, экс-офицер боор оорусунан улам кечээ, 22-ноябрь күнү кечинде каза болгон.
Беннетт акыркы жылдарда АКШ өкмөтүн, анын ичинде Украинага жардам көрсөтүүнү сынга алып келген. Ал дипломатиялык жөндөмүн жана тажрыйбасын чалгындоодо колдонуу үчүн Орусиянын жарандыгын берүүнү суранган. Беннетт орус телеканалдарынан Украина менен Батыштын туура эмес экенин жарыялап, Донбасстын тарыхый жактан Орусияга таандык экенин билдирген.
Ушул жылдын жаз айында мурдагы америкалык офицер орус жарандыгын алуу өтүнүчү менен орус президенти Владимир Путинге кайрылган.