Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында ырдап, бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова Орусияны багындырууда. Ал Москва шаарында өтүп жаткан “Царица” аттуу вокалдык шоу-сынагынын 4-берүүсүндө калыстардын алкоосуна татып, кезектеги жогорку баллга ээ болду.
Бул чыгарылышта ал "Арго" ырын жеткире ырдап, калыстардын жогорку баллына ээ болду. Ал ырдап жатканда калыстар бийлеп дагы отурушту.
Шоунун алып баруучусу залда биринчи жолу "Браво" деп кыйкырып жатышканын баса белгилеп өттү.