Ошто Түштүк Кореядан мыйзамсыз алынып келинген KIA K5 унаасы аныкталды (фото)

Ош облусунун бажы кызматкерлери бажы мыйзамынын бузулушун аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.

Тагыраагы, "Иркештам" алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайы аркылуу Түштүк Корея Республикасынан Кытай аркылуу Н.у.И. аттуу жарандын дарегине жүк ташуучу транспорт каражаты менен контейнер келген. Контейнерде KIA SORENTO, KIA SPORTAGE жана KIA K5 унаалары жүктөлгөн.

"Контейнерди бажылык текшерүү учурунда декларацияланган транспорт каражаттарынан тышкары жүк коштоочу документтери жок 2020-жылы чыгарылган KIA К5 үлгүсүндөгү жеңил унаа аныкталган.

Факт каттоого алынып, чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти Бажы кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан