Белгилүү кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышат. Бул тууралуу балбан кыз УТРК Спорт телеканалына берген маегинде айтты.
"Өзүңүздөр билгендей менин спорттук карьерамда бир эле медаль жок. Ал Олимпиада оюндарынын алтын медалы. Калган медалдын баардыгы бар. Ар бир спортчунун эңсегени, кыялы Олимпиаданын алтын медалы. Буюрса жеңиш алып келгенге болгон күч-аракетимди кылып көрөм", - деди ал.
Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасынын алдында катуу чарчаганын, бир аз эс алуу алганын, учурда изденүү учурунда экенин кошумчалады.