Кант шаарында жайгашкан заводдо чыккан өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу “Милена” ЖЧКсында чыккан өр кырсыгына 4 күжүрмөн эсеп, 5 өрт өчүрүүчү унаа жана 1 суу ташуучу унаа тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен жалын саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метр.
Тилекке каршы өрттүн кесепетинен бир Кытай жараны каза болгон.
Бүгүн, 23-ноябрь күнү таңга маал Кант шаарындагы "Кант курулуш" заводунун аймагында жайгашкан
имарат өрттөнгөн.