Илон Маск өзүнүн дүйнөлүк рекордун жаңылады

Америкалык миллиардер, X социалдык тармагынын ээси, SpaceX жана Tesla компанияларынын башкы директору Илон Маск өзүнүн рекордун жаңыртып, кайрадан дүйнөнүн эң бай адамы болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жума күнү Илон Масктын таза байлыгы 347,8 миллиард долларга жеткен. Бул натыйжа жарым-жартылай Tesla акцияларынын уланып жаткан өсүшүнө байланыштуу экени кабарланды.

Ошондой эле Дональд Трамптын АКШдагы шайлоодогу жеңиши бизнесменди саясий көңүл чордонуна алып келген.

Буга чейинки рекорд дагы дал ушул америкалык ишкерге таандык болчу. Тагыраагы, 2021-жылы ал байлыгын 340,4 миллиард долларга жеткирип, дүйнөлүк рекордду койгон.

Рейтингинде экинчи орунда 219 миллиард доллары менен Жефф Безос турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан