Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну камакка алууга ордер берген Эл аралык кылмыш сотунун чечимин тайманбастык деп атады. Бул тууралуу ал Стамбулдагы эл аралык жарманкеде билдирген.
"Мен Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Галантты камакка алуу үчүн ордер чыгарган Эл аралык соттун чечимин колдой тургандыгыбызды билдиргим келет. Биз бул кайраттуу чечимдин ишке ашырылышы маанилүү деп эсептейбиз", - деген ал.
Эрдогандын айтымында, Түркия Палестина мамлекетин таануу үчүн бардык күчтөрдү мобилизациялады жана Израилдин Палестинадагы геноцидин токтотуу үчүн да аракеттерди жасоодо.
Эске салсак, 21-ноябрда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, мурдагы коргоо министри Йоав Галант жана башкаларды камакка алууга ордер берди. Сот Израилдин жетекчилигин Палестина аймактарында согуш кылмыштарын жасаган, анын ичинде ачарчылыкты курал катары колдонгон деп айыптады.