"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Самат Матцаков билдирди.
Анын айтымында, Ташов 21-ноябрда Юстиция министрлигине караштуу №31 мекемеден (медициналык мекеме) СИЗО-1ге которулган.
Анын иши боюнча кийинки соттук отурум 26-ноябрда саат белгиленген.
Белгилей кетсек, 30-октябрда ишкер Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салды деген маалымат тараган. Аталган окуя боюнча УКМК маалымат берип, Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап өзүнүн ден соолугуна залал келтиргенин билдирген.