Иорданиядагы Израилдин элчилигинин жанында атышуу болду

Иорданиянын борбору Амман шаарында белгисиз адам полиция кызматкерлерине ок чыгарды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, ал күтүүсүздөн полиция кызматкерлерине ок чыгарып, үчөөнү жарадар кылган. Андан кийин полиция кызматкерлери аны атып өлтүрүшкөн.

Укук коргоо органдары кылмышка шектүүнүн шериктерин издөөдө. Ок атышуу болгон аймак курчоого алынды. Бийлик жакынкы райондордун тургундарына полиция операциясы аяктаганга чейин үйдө калууну сунуштады.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, демонстрациялар элчиликтин алдында Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий аракеттерине жана жалпы эле Израилге каршы көп болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан