UFC уюмунун орто жеңил салмактагы рейтингинде 15-орунда турган британиялык мушкер Майкл Пейж ислам динин кабыл алды. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармагында билдирди.
"Бул сонун учурду бөлүшүү мен үчүн чоң сыймык. Аллахым сизди ыйманынызды бекем кылып, хидаят берсин", - деп жазды ал.
37 жаштагы Майкл Пейж ММА'де 22 жеңиш жана 3 жеңилүү ызасын тарткан. 2013-жылдан 2014-жылга чейин мушкер Bellator уюмунда мушташкан. Анда ал чемпиондук курга жете алган эмес, бирок турнирлерде эң кызыктуу беттеш наамын алып турган.
2024-жылдын 9-мартында Пейж UFCде дебют жасап, Кевин Холланды жеңип, жарым орто салмактагы рейтингдин алдыңкы 15тигине кирген.