Камчыбек Ташиев Тажикстанда Саймумин Ятимов менен жолугушту

Коңшу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Талкуунун алкагында тараптар калган тилкелерде чек ара сызыгын аныктоо маселелерин карашып, делегациялардын башчылары жумушчу топторго бул багыттагы иштерди улантууну тапшырышкан.

"Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү, бул эки мамлекеттин конструктивдүү диалогго баруусун билдирет", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан