Испаниянын "Атлетико Мадрид" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Диего Симеоне клубдун жетекчилигинде 700-оюнун өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Испания Ла Лигасынын 14-турдук оюнунда мадриддик клуб "Алавести" 2:1 эсебинде утуп алды.
Ошентип 54 жаштагы Симеоне Ла Лиганын тарыхында команданын башында 700 расмий беттеш өткөргөн алгачкы машыктыруучу болуп калды. Симеоне "Атлетиконун" машыктыруучусу катары 700 беттеште 413 жолу жеңишке жетип, 156 жолу тең чыгып, 131 жолу жеңилген.
Симеоне мадриддик команданы 2011-жылдын декабрында жетектеген. Аргентиналык адис "Атлетико" менен бирге Испаниянын чемпиондугун эки жолу, Кубогун жана Суперкубогун, Европа Лигасын жана УЕФАнын Суперкубогун эки жолу жеңген.
Ошондой эле команда Чемпиондор Лигасынын финалында эки жолу ойногон, бирок эки жолу тең "Реал Мадридге" утулган.