Коңшу Өзбекстанда Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, анын кызматтан кетүүсүнө президенттик администрациянын мурдагы кызматкери Комил Алламжоновдун өмүрүнө кол салуу себеп болгон.
Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы болуп коргоо министри Баходир Курбанов дайындалган.
Абдусалом Азизов 2019-жылдын февраль айынан бери Мамлекеттик коопсуздук кызматын жетектеп келген. Ага чейин эки жыл Өзбекстандын Коргоо министри болгон.