Президент Садыр Жапаров Австриянын президенти Александер Ван дер Беллендин чакыруусу менен бүгүн, 24-ноябрда, Австрияга расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
ПрезидентСадыр Жапаровдун Австриянын өлкө башчысы Александер Ван дер Беллен, Федералдык Канцлер Карл Нехаммер, ошондой эле Улуттук кеңештин төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Австрияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-австриялык мамилелердин кеңири спектрин жана аларды мындан ары кеңейтүү пландарын талкуулашат.