Филиппиндин вице-президенти Сара Дутерте киши өлтүргүчкө өлкөнүн президенти Фердинанд Маркосту өлтүрүүнү буйруду. Бул тууралуу саясатчы өзү маалымат жыйынында билдиргенин CBS News телеканалы билдирди.
Анын айтымында, жалданма киши өлтүргүч ал өзү каза болгон учурда бул буйрукту аткарат. Мамлекет башчысынын өзүнөн сырткары вице-президент анын жубайын өлтүрүүгө дагы буйрук берген.
"Мен киллер менен келишим түзгөм. Анда президент мени өлтүрсө, киллер аны жана жубайын өлтүрүшү керек. Киллер аларды өлтүрмөйүн токтобойт. Бул тамаша эмес, мен келишимди түзүп койгом", - деген Дутерте.
Анын бул сөздөрүнөн кийин Филиппин өкмөтү вице-президентке каршы "тез арада тиешелүү чараларды" көрүүгө убада берген.