Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Австрияга барды. Бул туурасында кечээ, 24-ноябрда мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирген.
Маалымдалгандай, Вена шаарынын эл аралык аэропортунда мамлекет башчысын Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин протоколунун жетекчиси Максимилиан Хеннинг тосуп алды.
Белгиленгендей, аэропортто эки мамлекеттин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлдү.
Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Австриянын президенти Александер Ван дер Беллен менен чакан жана кеңейтилген форматта, Федералдык канцлер Карл Нехаммер, ошондой эле улуттук кеңештин төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтө тургандыгы айтылган.